www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ангела Меркель өз элине акыркы ирет кайрылуу жасады

Германиянын канцлеринин милдетин аткаруучу Ангела Меркель өкмөт башчысы катары акыркы кайрылуусунда немистерди COVID-19га каршы эмделүүгө үндөдү. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Меркель өзүнүн акыркы кайрылуусунда Германиянын канцлеринин кызматында турганда элге 600дөн ашуун видео кайрылуу жолдоого жетишкенин эске салды.

Меркелдин айтымында, ал 2006-жылы июнь айында Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионатка чейин жарыяланган эң биринчи видео подкаст. Кийинки билдирүүлөрүндө саясатчы өлкөдөгү коопсуздук, маданият, санариптештирүү, гендердик теңчилик маселелерине токтолуп, кеңири чагылдырды.

Меркель коронавирустук пандемия учурунда подкастка өзгөчө маани бергенин баса белгиледи. "Ушул төртүнчү толкундун туу чокусунда, биз абдан оор абалда турабыз, биздин өлкөнүн айрым аймактарында аны драмалык деп атоого болот", - деп түшүндүрдү Меркель.

Белгилей кетсек, Ангела Мергел 8-декабрда пенсияга чыгат. Ал өз милдеттерин Германиянын Социал-Демократимялык партиясынын лидери Олафа Шольцага өткөрүп берет.

Эске салсак,2-декабрда Германиянын азыркы канцлер Ангела Меркель менен коштошуу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Салтанатка 200 адам чакырылган - анын тушундагы бардык 52 федералдык министр жана башка өнөктөштөр бар. Аскердик оркестр бир күн бою Меркелдин жакшы көргөн музыкалык чыгармаларын жаңыртып турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости