www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Украинадагы согуш жакын арада токтобой турганын, ал болжол менен 10 жылдын ичинде гана аякташы мүмкүн экенин билдирди.
Ал WDR 1LIVE телеканалына берген маегинде мындай узак мөөнөттүү жыйынтыкка үмүт артарын айтып, Украина акыры көз карандысыз, эркин жана суверендүү мамлекет болуп каларын белгиледи.
Ошол эле учурда Европада Орусия менен мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө ортомчу боло турган талапкерлер талкууланып жатканы айтылды. Алардын арасында Меркельден тышкары Финляндиянын президенти Александр Стубб жана Италиянын мурдагы премьер-министри Марио Драги да бар.
Бирок Меркель өзү Орусия менен ЕБ ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болуудан баш тарткан. Анын пикиринде, мындай маселелерди учурдагы мамлекет башчылары гана чечиши керек.