www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясын санкциялык тизмеге киргизди. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер, шериктештик жана өнүктүрүү министрлиги 26-майда билдирди.
Санкцияга “Евразиялык сактык банкы”, “Мамлекеттик брокердик компания” жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” (USDKG) кошулган. Британия алар Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө жана криптовалюта аркылуу каржылык операцияларга көмөктөшүшү мүмкүн деп эсептейт.
Маалыматта “Евразиялык сактык банкы” Орусияга байланышкан каржылык тейлөөлөрдү көрсөткөнү айтылса, калган эки компания крипто жана виртуалдык активдер аркылуу орус экономикасын колдогон схемага тиешеси болушу мүмкүн экени белгиленген.
Санкциялардын алкагында бул компаниялардын активдери тоңдурулуп, финансылык операцияларына чектөөлөр киргизилет.
Кыргыз тарап азырынча бул чечимге расмий комментарий бере элек.
Буга чейин да айрым кыргызстандык банктар жана компаниялар Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген деген жүйө менен Батыш өлкөлөрүнүн тизмесине киргизилген.