www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англияда талаш токтобой жатат

Британиянын Еврошаркеттен чыгуу чечимине 10 жыл толду. 2016-жылдагы референдумда жарандардын 52% Брекситти колдосо, 48% каршы чыккан. Өлкө 2020-жылы расмий түрдө Еврошаркеттен чыккан.

Ошондон бери бул чечимдин тууралыгы боюнча талаш токтобой келет. Айрымдар Брексит экономиканы алсыратты, миграция жана жумушчу күч маселелерин татаалдаштырды деп эсептешсе, башкалар Британия өз мыйзамдарын жана чек арасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алды деп билдиришет.

Экономисттердин айтымында, Брексит экономикага терс таасир тийгизгени менен анын көлөмү ар кандай бааланууда. Айрымдар ИДП бир нече пайызга төмөндөдү дешсе, башкалар таасири болжолдогондон аз болгонун белгилешет.

Ошол эле учурда өлкөдө Брекситти кайра карап чыгуу же Еврошаркетке кайтуу боюнча чакырыктар да уланууда. Сурамжылоолор калктын бир бөлүгү бул чечимди ката деп эсептээрин көрсөтүүдө.

Азыр Британияда саясий кырдаал да өзгөрүп, премьер-министр Кир Стармер кызматтан кетерин жарыялады. Өкмөттүн келечектеги багыты жана жаңы жетекчилик жакын арада аныкталмакчы.

Последние новости