www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарында Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданийгуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө басым жасалып, кыргыз-түрк кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды.
Андан тышкары 2023-жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу маселеси, алардын мазмуну каралды.
Ошондой эле жыл сайын Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын ооруканаларында бекер дарылоо боюнча макулдашууну мүмкүн болушунча эрте ишке киргизүү маселеси көтөрүлдү. Кыргызстан квотаны 500 кишиге көбөйтүүнү өтүндү.
Мындан тышкары Түркияда жашаган кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын Түркияда жүрүүсүн жана иштөөсүн мыйзамдаштыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери каралды.
Булак: NazarNews.kg