www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкаранын борборунда теракт жасоого аракет кылган бири Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясынын мүчөсү экени аныкталды. Бул тууралуу Yeni Şafak гезити Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Эске салсак, Анкарада 1-октябрда жергиликтүү убакыт менен саат 9:00дө жеңил автоунаа менен жүргөн эки террорчу ИИМдин күзөт башкармалыгынын алдына келип, бири өзүн жардырып жиберген. Ал эми экинчи террорчу жок кылынган.
Атышуу учурунда полициянын эки кызматкери жеңил жаракат алган.
Белгилей кетсек, Түркияда Күрдистан жумушчу партиясы менен куралдуу кагылышуу 1984-жылы башталып, 2015-жылы кайра уланган. Ирактын түндүгүндө Күрдистан жумушчу партиясынын базалары бар, аларга каршы түрк куралдуу күчтөрү абадан жана кургактан операция жүргүзүп турат.
Булак: NazarNews.kg