www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АНО «Евразия» көп үндүүлүктү жана көп полярдуу дүйнөнү колдойт. Бир жыл ичинде чоң жолду басып өттүк жана мындан ары дагы алдыга умтулууга даярбыз, – деди РФ Мамлекеттик Думасынын депутаты, АНО «Евразия» кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова.
Эне тилдерди сактоо – негизги багыттардын бири
«Евразия» ар бир элдин үнү угулушун камсыз кылууну, көп үндүүлүктү жана көп полярдуу дүйнөнү колдойт. Мен, Россия Федерациясында эне тилдер боюнча мыйзамдын автору катары, бул маселе биз үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгилегим келет. Биздин негизги максат – Россияда көп үндүүлүктү сактап, бардык эне тилдердин өнүгүшүнө шарт түзүү. Ошону менен бирге, орус тили улуттар аралык баарлашуунун негизги тили катары өнүгүп, мурас катары кийинки муундарга жетиши керек.
Биз ата-бабаларыбыздан калган мурастарды сактап, ар бир элдин тили жана маданияты өнүгүшүнө көмөктөшүүнү көздөйбүз. Бул аракеттер Евразиядагы бардык элдердин эне тилдерин колдоо үчүн жасалып жатат.
Тарыхты унутпоо – урпактардын милдети.
Биздин чоң аталарыбыз жана чоң энелерибиз тынчтык үчүн күрөшүшкөн. Алар фашизмге каршы согушкан, дүйнө жүзүндөгү элдердин эркиндиги үчүн жанын беришкен. Биз алардын эрдигин унутпашыбыз керек. Менин чоң атам да Белгисиз жоокердин мүрзөсүндө жатат.
АНО «Евразия» ар кандай вандализмге, тарыхты бурмалоого каршы чыгат. Кайсы бир жерде советтик жоокерлердин эстеликтери бузулуп, алардын ысымдары тарых барактарынан өчүрүлүп жатканда, биз бул көрүнүштөргө кайдыгер карай албайбыз. Бул биздин ар-намыс жана эс тутум үчүн күрөшүбүз.
Бир жыл ичинде – он жылдык тажрыйба
Биз бир жыл аралыгында көп ийгиликтерге жетиштик. Атүгүл өз ишибизди он жылга тете сезип жатабыз. Анткени биздин активдүү ишмердүүлүгүбүздү эл аралык деңгээлде да байкап, жарым жыл өткөндөн кийин АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АНО «Евразияны» АКШнын Юстиция жана Каржы министрликтери менен бирге санкциялык тизмеге киргизди. Биз муну чоң жоопкерчилик катары кабыл алдык жана бул биз үчүн бир мааниде сыйлык болду.
АНО «Евразия» мындан ары да көп үндүүлүктү, эне тилдерди жана тарыхый чындыкты коргоо жаатында иш алып барууну улантат.