www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анталияда торнадо болду

Кечээ, 5-мартта Түркиянын Анталия шаарында катуу жаан жаап, күн күркүрөп, торнадо байкалды. Бул тууралуу “Сондакика” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, шаар транспорту үзгүлтүккө учурап, үйлөрдү жана ишканаларды суу каптап, жер астындагы өтмөктөрдө көлчүктөр пайда болгон.

Аксуу, Серик, Манавгат, Ибради, Аксеки, Гүндогмуш жана Алания райондорунда нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт. Торнадо, сел, чагылган, мөндүр жана торнадо эскертүүлөрү берилди.

Аланиянын жанындагы деңиз аймагында торнадо пайда болду. Каш районунун Чайкөй аймагында чагылган түшүп, токой өртү чыкты.

Калкан аймагындагы торнадодон зайтун дарактары, дүкөндөр, үйлөр жана ишканалар жабыркаган. Торнадо Демре жана Кумлужа аймактарында да болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости