www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антонина Шевченко эне статусуна ээ болду

Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко эне болду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялады.

«Эң укмуштуудай, абдан татаал жана эң бир сонун жыл!

Мен эне болдум! 20 жылдан кийин Шевченко мушкерлеринин кийинки мууну UFCде жеңишке жетишет. Анан, албетте, менин үй-бүлөмдө учкучтардын экинчи мууну болот!” – деп жазган Антонина.

Антонина Шевченко кыргызстандык профессионал спортчу. Ал аралаш мушташ (ММА) жана муай-тай боюнча күч сынашат. Ал жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченконун эжеси катары белгилүү. Антонина да буга чейин UFCде жеңил салмак категориясында активдүү катышкан. Бирок анын акыркы беттеши 2022-жылдын июль айында болуп, андан кийин ал карьерасын учкуч катары улантты.

Аралаш мушташ боюнча карьерасында (анын ичинде UFCде) Антонина Шевченко 14 беттеш өткөрүп, он жеңишке жетишкен (анын үчөө нокаут менен) жана төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Последние новости