www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Би-Би-Сиге берген маегинде АКШ азыр өзүнүн күчү эл аралык укуктан жогору деп эсептеп, маселелерди биргелешип чечүүнүн ордуна күч колдонуу менен максатына жетүүгө аракет кылып жатканын айтты. Ал Вашингтондун “эл аралык мамиле жана бирдиктүү чечим маанилүү эмес” деген көз карашы бар экенин белгиледи.

Гутерриш бул билдирүүсүн АКШ Венесуеланын лидери Николас Мадурону кармап кеткенден эки жумадан кийин жасады. Ошондой эле ал АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландияны аннексиялоо боюнча коркутуулары менен байланыштуу кырдаалга да токтолду.

Баш катчынын айтымында, бул учурда БУУнун негизги принциптери, анын ичинде мүчө өлкөлөрдүн тең укуктуулугу тобокелге туш болуп жатат. Ал эми БУУ мүчөлөрдү уставдагы эл аралык укукту сактоого мажбурлоо кыйын экенин, уюмдун таасир этүүчү рычагдары жетишсиз экенин белгиледи.

Гутерриш ошондой эле БУУнун реформалоо зарылдыгын белгилеп, Коопсуздук Кеңешинин курамы жана вето укугуна өзгөртүү киргизүү керектигин айтты. Анын пикиринде, азыркы Кеңеш дүйнөнүн азыркы көйгөйлөрүн чечүүгө жарабайт жана “бүт дүйнөгө добуш берүү” мүмкүнчүлүгү берилүүсү керек. Ал дүйнө азыр “конфликтер, жазасыздык, теңсиздик жана белгисиздик” шартында жатканын, негизги коркунуч катары эл аралык укуктун бузулушун атады.

Эске сала кетсек, Гутерриш 2017-жылдан бери ООНдо баш катчы кызматын аркалайт жана ушул жылы кызматын тапшырат.

Последние новости