www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш украин жетекчилиги менен жолукканы жатат. Баш катчы Киевге 27-апрелдин кечинде, Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин келди.
"Гутерриш гуманитардык колдоо, карапайым элди согуш аймагынан эвакуциялоого жардам берүү уланарын" Твиттерге жазды.
Ал арада Британиянын Коргоо министрлиги бейшембиде эртең менен Орусиянын Кара деңиз флоту Украинанын жээгин аткылоого дагы деле жөндөмдүү экенин билдирди. Буга чейин орус армиясы “Саратов” кемесин жана “Москва” крейсерин жоготкон. Министрликтин күнүмдүк бюллетенинде айтылгандай, Түркиянын Босфор кысыгы чет өлкөлүк кемелер үчүн жабык тургандыктан, Орусия жоготуулардын ордун толтура албай жатат.
Украинанын коргоо министри Алексей Резников өлкө чыгышында кыйроо, жоготуулар болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу министр бейшембиде АКШнын Германиядагы Рамштайн базасында 40 чакты өлкөнүн аскердик өкүлдөрү катышкан жыйында айтты.
“Коалиция Кремлди жоопко тартууну гана эмес, Орусиянын зулумдугун жеңүүнү, согушту цивилизациялык дүйнө тарабынан жеңүүсүн камсыздоону максат кылат”, - деп жазды Резников Фейсбукка.
Орусия Батышка Украинага курал-жарак жөнөтпөөнү эскертүүдө. Салгылашуулар уланган сайын гуманитардык абал да начарлап жатат.
27-апрелде Канаданын парламенти Орусиянын Украинага чабуулун “геноцид” деп атаган документти кабыл алды. Депутаттардын айтымында, Орусия жасаган “адамзатка каршы ыраттуу, массалык согуш кылмыштарынын далилдери абдан көп”.
Москва Украиндагы жөн-жай тургундарды бутага алганын танып келет.
АКШ президенти Жо Байден 28-апрелдин кечинде Ак үйдө “өз өлкөсүн жана эркиндигин Орусиянын ырайымсыз согушунан коргогон украиналыктарды колдоо” жөнүндө сөз сүйлөмөкчү.
Булак: NazarNews.kg