www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын жикчил «республикалардын» көз карандысыздыгын таануу аракети Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузуп, Улуттар Уюмунун жобосуна каршы келет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Анын айтымында, өзүн Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп атап алган аймактардагы жагдай геноцид деген аныктамага туура келбейт.

Буга байланыштуу БУУ Донбасстын аймагына кирген орусиялык аскерлерди тынчтык орнотуучу күчтөр катары санабай турганын баса белгиледи.

 «Бир өлкөнүн аскерлери экинчи өлкөнүн уруксаты жок анын аймагына киргени, алар бейтарап бейпилдик орнотуучулар болуп эсептелбейт», - дейт анда баш катчы.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин мурдараак атайын телекайрылуусунда 2014-жылы Украинада болгон төңкөрүштөн кийин «Донбасстагы орус тилдүү миллиондой адам геноцидге кабылып жатканын» айткан. Ал жикчилдерди таанууну ушуну менен байланыштырып, аларды коргоо зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Эске салсак, 21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин Донецк жана Луганск түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости