www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 15 адам жабыркаганын, алардын жетөөсү кичинекей балдар экенин жана жабыркагандардын ичинен бирөөсү ошол жерден каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, 10 адам ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын тогузу шаардык №4 ооруканасына, бирөөсү №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген. Калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. 
№4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эки жабырлануучу денесинин 25-30 пайызы күйгөн деген диагноз менен жаткырылды. Алардын абалы азырынча оор. Ошондой эле дагы 6 адам күйүк бөлүмүнө, 1 адам ууланып токсикология бөлүмүнө жаткырылган.  Шаардык балдар ооруканасына жеткирилген баланын денесинин бир пайызы күйгөн. 

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жабырлануучулардан кабар алып, ооруканалардын башчыларына жабыркагандардын ден соолугун көзөмөлдөп, зарыл болгон дарылар менен камсыз кылууну буйруду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости