www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук сотунун коллегиясы – Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын жетекчиси, полковник Курсанбек Бекташовду камакта кармоо тууралуу чечим чыгарыптыр. Ал Ош шаарында 20-октябрга караган түнү кармалган.

Кызматка Бекташов февралда дайындалган, март айында болсо «Достук-автодорожный» чек ара түйүнүнүн башчысын чакырып, эгер ал өз кызматында калайын десе, ай сайын миң доллардан алып келип туруш керек деген талап койгон. Бекташовго коюлган дагы башка күнөөлөр бар, баардыгы – 5.

Бул жерде 2 нерсени белгилесе болот. Бекташев – аскерий адам, ал ант берген. Экинчи нерсе – Чек ара кызматында жана башка кызматтар менен мекемелерде коррупция ушунчалык жайылып, кадыресе көрүнүш болуп калгандактан, мындай иштер тууралуу телефон аркылуу ачык сүйлөшсө болот экен. Экинчиси – ант деген эч кандай баркы жок, мааниси нөлгө чейин түшүп кеткен нерсеге айланган. Аны биз – соттор, депутаттар, министрлердин ишинен эле көрүп турабыз.

Последние новости