www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдан бери “Вефа” соода борбору талашка түшүп, соттун чечими менен түрк ишкерлеринин пайдасына чечилген.

Бүгүн, 24-февралда ыймандуу ырчы Анжелика Бекболиева өзүнүн социалдык тармагына:

-- Бул жактан жардам берип жатсак Түркиянын элчилиги эч себепсиз биздин ишкерлерди иш ордун алып коюуда. Коомдук ишмер катары көптөгөн жалгыз бой энелерге иш менен камсыздап, аларды жеке бизнестерин болушуна салым кошуп келемин. Керек болсо алардын чакан бизнестерин иштетип жатканда алардын ижара акысын төлөшүп, эмеректерин жасап берип керек болсо өзүмдүн жеке косметика, атырларымды эч кандай акчасы жок сатканга. Алар кирешесин көрүп, кандайдыр бир иш менен алек болгонуна баардык шарттарды түзүп келемин. Бүгүнкү күндө биз кызматташып, ижара акысын төлөп келген  “Вефа” соода борборун баарыңыздар билесиздер. Бул соода борборунун мурунку жетекчилиги бизде кайрымдуулук иштердин баардыгын колдоп келген болчу, бирок Түрк элчилиги сот аркылуу бул жарандан соода борборду алып койгондо деле мейли деп, коомчулукка айтчу сөз болсо дагы унчуккан эмеспиз, - дейт ырчы.

Эске сала кетсек, Анжелика Бекболиева “секреттеген” соода борбордун мурдагы жетекчиси Марат Назарбеков.  

Бишкек шаардык соту “Вефа” соода борборунун 2017-жылдагы алып-сатуу келишиминин мыйзамсыз экенин таануу боюнча арызды канааттандырган чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" 3-августта билдиргендей, отурум өткөн жылы 25-июлда болгон.

Буга чейин 12-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту түрк өкмөтүнө караштуу “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясынын арызын карап, канааттандырган. Анда 2016-жылы 29-февралда мүлктү азыр соода борборго ээлик кылган “Аруу Жылдыз” компаниясына өткөрүп берүү боюнча макулдашууну, жер участогун убактылуу пайдалануу боюнча алды-сатты келишимин 2017-жылдын 20-январынан кийин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү келтирилген.

“Аруу Жылдыз” компаниясы райондук соттун 12-майдагы отуруму тууралуу маалыматты 15-майда алышканын, бул ишти жаңыдан кароого негиз жок болгонун билдирип чыкты. Ошондой эле сот чечим кабыл алууда "Аруу Жылдыздын" жүйөлөрүн эске албаганын, “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясынын келтирген маалыматтары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Бишкектеги "Вефа" соода борборун түркиялык "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы 2006-жылы курган. 2016-жылы февралда “Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясы мүлктү ага өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошентип, “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” ишканасынын карамагына өткөн.

Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгону жарыяланып, “Гүлен” кыймылына таандык ишкерлердин мүлктөрүнүн катарында “Өзгүн иншаат” компаниясы да түрк бийлигине өткөрүлгөн.

Туура бир жылдан кийин, 2017-жылдын июлунда түрк өкмөтүнө карап калган “Иншаат” компаниясы “Вефа” соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. "Аруу жылдыз" менен болгон алды-сатты келишимин жокко чыгарууну, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылганын “Азаттык” жазып чыккан.

Последние новости