www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшкөн кайрымдуулук фондун жабууну чечти. Бул тууралуу британиялык "Daily Mail" гезити жазды.

Ал каржылык кыйынчылыктардан улам ушундай чечимге келгени белгиленет. Фондду Жоли жана британ консерваторлорунун мурдагы лидери Уильям Хейг 2015-жылы негиздешкен.

Бүткүл карьерасында актриса уюмга 2,11 миллион АКШ долларын инвестициялаган. Бирок фонддун эсебинде болгону 65 миң АКШ доллары калганы айтылууда. Ошол эле учурда фонддун кредиторлор алдындагы карызы 2 миллион АКШ долларын түздү.

Белгилей кетсек, Анжелина Жоли Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар боюнча атайын өкүлү кызматынан 2022-жылдын декабрь айында кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости