www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан майыптыгы бар жарандардын саны өсүүдө

Өткөн жылы майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны 13,4% га өскөн. Мындай сандарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери боюнча жумушчу кеңешмеде келтирди.

"Дагы 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар акы төлөнүүчү убактылуу коомдук жумуштарга орношкон. Бир жылдын ичинде биз 15 миңден ашуун жумушсуз жана жакыр жарандарды коомдук жумуштарга тарттык. 10 миңден ашуун адам ар кандай курстарда кесиптик даярдыктан өтүштү, бул аларга жумуш табууга мүмкүндүк берди", - деди ал.

Белгиленгендей, ишке орноштуруу жана жумуштуулук боюнча ар кандай активдүү чаралардын натыйжасында республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,1% га төмөндөп, 2,9% ды түздү.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 0,5% га, ал эми катталган жумушсуздардын саны 1,7% га азайганы байкалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости