www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

65 жаштагы күч түзүмдөрүнүн ардагери Советбек Арбаев эң ызгаардуу аязда да муздак суу менен жуунат. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

«Отставкадагы полковник, ИИМдин Ички аскерлеринин ардагерлеринин коомдук бирикмесинин жана ЖАКтын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин «Сый-урмат» ардагерлер кеңешинин төрагасы өзүнүн салтка айланган адаты менен таң калдырууда. Кандай аба ырайы болбосун, Советбек Асанович жаш курагына, салмактуу стажына жана операцияларына карабай, Кара-Жыгач конушундагы үйүнүн короосунда муздак суу куюнуп денесин чыңдап келет. Ардагер жаштарга жашоону сүйүүнүн жана ден соолукту чыңдоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости