www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

36

Минген атынын туяктары курч, жалгыз аяк чыйыр жол менен жигиттеринен саал алдыда келаткан Дыйкан болушка, бир аңгектин ичине өскөн барпагай, адамдын көз жоосун алган, карап эле тургандай ажайып күрөң - кызыл түстүү бир түп төө уйгак көрүндү. Ага удаалаш келаткан беш көкүл кызы Сейил ар уруу гүлдөрдөн бир тесте жыйып алып, улам моокуму канганча жыттап келаткан. Эрке Сейил:-Ата, мен тээтиги гүлдү үзүп алайынчы. –деп, атынан шак секирип, төө уйгакты  үзүп  колундагы гүлдөргө кошуп койгусу келди.

-Ал гүл эмес, төө уйгак. –деди табияттын сулуулугуна суктанып келаткан Дыйкан болуш.

Сейил болсо аңгекке түшүп, гүлгө жабышып, магдырап, көөшүп уйкуга кирген сапсагай аарыны учуруп жиберип, төө уйгакты үзө баштады.Төө уйгакты үзүү Сейил үчүн өтө кыйын иш болду,колун бет аарчысы менен ороп алса да, уйгактын сабагы туш –тушунан сайгылап жатты, ал тургай катуулугун да айтпа, тарамдалган сабагын талдап жулам депбир топ убара тартты. Атынын тизгинин тартып токтотуп кызы Сейилдин кылып жаткан иштерине көз салып турган Дыйкан болуш, Сейил акыры гүлдү араң үзүп алганында, уйгактын сабагы жулмаланып, гүлдүн мурунку көркөм түрүнөн ажырап, соолгун тартып калганын байкады. Сейил аны гүл дестесине кошту эле, ал гүл серт, көрксүз көрүнүп,назик гүлдөргө коошу келбей туруп алды. Өз ордунда келишимдүү турган гүлдү бөөдө курутканына өкүнүп, Сейил аны таштап салды.

Шабдан Дыйкан болушту ханды тоскондой тосуп алыптыр. Дыйкан болуш менен келген он чакты кишини жүз кишини  тосуп алгандай мамиле кылынат. Дыйкан болушкөп жактырбаса да коноктордун көңүлүн ачмакка ырчы-чоорчулар куюлушуп келишти. Дыйкан болуш менен келгендер кудум бейиштин төрүндө отургандай сезишет. Аппак өргөөдө  Дыйкан болуш төрдө жайкалып, сабаада кымыздар чайпалып, Дыйкан болуш ата-бабалардын санжырасын айтып узакка  отурушту. Убакыт өтүп, эт бышып, тайдын эти тартылды. Устукандар мүлжүнүп, жез чараларда күл майда тууралган этке кесме аралашкан бешбармак ортого коюлду. Ал кезде Чүйдөн башка тараптарда этке кесме кошулчу эмес экен. Коноктор ашка колун салышты.

Дыйкан болуш беш бармактан бир гана жолу сугунуп, эмнегедир кабагын бүркөп, тасмалдын четине колун аарчыйт да, башкалардын тамак жешин күтүп, жай отуруп калат. Жалаң чүйгүн эт жеген сыйлуу коногуна камыр коштуруп, эт тарттырганына өзүнөөөн туюлган Шабдан манап сынып, эртесинен баштап камыр салынган бешбармакты жаңыртып, камыр коштурбай  жалаң эт менен бешбармакты тарттырып калыптыр. 

Убакыт өтүп жатар маалга келгенде кочкорлуктар конок каадасы кылышып, үй жанында кобурашып турушат.

Жайдын серүүн түнү, ай отуруп чыгат. Чымчыктар кужурайт бутактарда, бабырган учат үстүндө, үкү үүлдөйт, алагүү үн салат. Тоо чокуларын ай нуру чайды. Бир маалда төшөк салынып бүтүп келиндер конок үйүнөн чыгышат. Дыйкан болуштун жигити Бекболсун ак шейшептүү жууркандарды көрүп, алдырып салат да, төөнүн көзүнүн жүнү ныкталган, Индистандын жибеги капталган жуурканды салдырат. Ак шейшептер алынып, ал айткандар салынат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости