www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте апрель баатырлары эскерилди

Бүгүн, 7-апрель Бишкек шаарында 2010-жылдагы Апрель революциясы эскерилди. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ревоюциянын 15 жылдыгына карата Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган борбордук аянттагы эстеликке гүл коюшту.

Андан соң, Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

"Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда", - деп белгилеген Эдил Байсалов өз сөзүндө.

Последние новости