www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир курулуш келечекке ылайыкталып жүргүзүлүшү керек

Ар бир иш келечекке ылайыкталып жасалышы шарт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, спикер Нурланбек Шакиев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Гуз айыл аймагына барды.

Алгач спикер Калматай айылында жайгашкан А.Калматова атындагы мектептин спорт залынын долбоорун көрүп чыкты. Алсак, аталган спорт залдын пайдубалы 2020-жылы түптөлүп, бирок курулушу токтоп калган. Ал эми имаратты толук бүткөрүү үчүн 18 млн сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Долбоору менен таанышкан Төрага курула турган спорт зал азыркы талапка жооп бербестигин белгилеп: "Ар бир иш келечекке ылайыкталып жасалышы шарт. Эгер долбоордогудай бүткөрүлсө колдонууга жараксыз болуп, окуучуларга ыңгайсыздык жаратат. Андыктан, долбоорду кайрадан карап чыгып, заманбап спорт залын куруу зарыл. Керек болсо Жогорку Кеңеш кошумча каржылоо маселесин да чечүүгө көмөктөшөт", - деди. Бул тууралуу Нурланбек Шакиев коштоп барган жетекчилерге да тиешелүү тапшырмаларды берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости