www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир окуучу 1000 сом төлөп мектепке кирет

Кыргыз өлкөсүндө 2 миң 283 мектеп бар, ал эми окуучулардын саны миллиондон ашат. Миллион эле деп койолу аны миңге көбөйтсө 10 миллиард сом болот. Учурда билим министри Купешов кошумча төлөм механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Министрдин айтымында төлөм жылына бир жолу эле берилет. Эгер бир үй-бүлөдө 4-5 бала мектептен окуса 4-5 миң сом мектепке камдап коюш керек.Купешов ата-энелер ансыз деле азыр мектепти каржылап жатышканын айтып, кошумча төлөмдү киргизүү Конституцияга каршы келбей турганын, анткени ата-энелер билим берүүнүн сапатын эмес, инфраструктураны каржылашарын баса белгилеп өттү. Алдын ала берилген маалымат боюнча, шаардагы мектептердин окуучулары миң сом, айылдарда 800 сом кошумча төлөм төлөйт.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев маалымат жыйынында билдирди.Ал мектептердеги фонддор ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер менен жетекчилер үчүн да көйгөйлүү маселе болуп келгенин айтып, “Азыр биз мектеп жетекчилери менен жолугушуп, бул маселени талкуулап жатабыз. Акча төлөй албаганы үчүн окуучуну, акча чогултпаганы үчүн мугалимди мектептен кууп чыгуу туура эмес. Биз ата -энелерди билим берүү мекемелерин колдоого салым кошууга чакырабыз. Төлөм жылына бир жолу берилет. Бул маселени ата -энелер менен талкуулайбыз”. «Май кармаган бармагын жалайт». Акыркы министрлерден Алмазбек Бейшеналиев билим берүү системасында гүленчиликти жактаса, Каныбек Исаков өзүнүн 25 жашар студентине «Эл агартуу отличнигшин» алып берип элдин оозун ачкан. Ал эми андан мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева окуу китептерин Индиядан ката толтура чыгартып элдин оозун ачкан. Эмки министр окуучулар акча төлөшүн талап кылууда. Деги министрлерге жарыйбызбы?

Кыргызстанда акысыз билим берүүгө басым жасап келатабыз. Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүмүнүн 9-пунктунда “мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу” белгиленген. Ушул эле Конституциябыздын 45-беренесинин 2-бөлүмүндө билим берүү акысыз экени таасын белгиленип кеткен. Мыйзамда жазылганын окуп, социалисттик идеологиянын күчтүү экенине моюн сунабыз. Бирок чындыгында эле билим берүү акысызбы?

Кээ бир мамлекеттерге салыштырмалуу билим берүү акысыз, бекер экенин танууга болбойт. Көп мамлекеттерде билим берүүгө акы төлөп окутушат. Социализмдин “каймагын” жеп калган бизде билим берүү акысыз. Бирок, ошол эле социализм 90-жылдарга чейин көк тиреп турганына салыштырмалуу ата-энелердин капчыгы да иштеп жатат:

1. Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен соң, президент Аскар Акаевдин убагында “Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамы” кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ата-энелер өз ыктыярлары менен мектептин фондуна акча төлөп туруу каралган. Ким өз баласынан акча аясын, мектептин бул фонду адатка айланып кеткен.

2. Совет заманында жүрүп отуруп, акыры ар бир окуучуга окуу китептерин акысыз берүү маселеси чечилген. Бүгүнкү күнү көпчүлүк окуу китептери ижара менен акысыз берилет. Сатып алына турган китептер да бар. Мурунку Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага ата -энелер тарабынан коюлган негизги “ярлыктар” ушул окуу китептериндеги каталар боюнча коюлган. Биринчиден, каталарга жол коюлса, экинчиден, Кыргызстанда басмаканалар жок калгансып, окуу китептерин чет мамлекетте бастырып келген.

3. Педагогикада ар кандай багыттар бар. Социалисттик идеология колдонгон билим берүү тармагы бардык жагынан элге үлгү көрсөтө тургандай алдыда болчу. Бүгүн билим берүү системасын санариптештирүү күч алды. Эгер биз өз багыттарыбыздын уңгусун калтырып, санариптештирүүгө өтсөк, дале эч кимди алдыга салбайбы.

Эптеп-септеп күн өткөргөн мугалимдердин айлыгын көтөрүү унутулуп калат. Акаев, Бакиевдин убагында мугалимдер айлыгы инфляцияга карата көтөрүлүп турган. Отунбаева аз иштесе да мугалимдердин айлыгын жогорулатып кетти, Жээнбеков келер менен мугалимдер айлыгы кайра көтөрүлдү. Эми жол кирени, электрге тарифти көтөрөбүз деп жатышат мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөт?

Бир аймактын көпөсүнө айланып, өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген мектеп директорлоруна көпөс Купешовдун алы жетеби? Азыр ар бир директор өз аймагында көпөс. Сууга салса купкургак чыккан көпөс, ата-энелердин тапкан ташыганын ичип-жеп жатып, булар бир аймактын байлары, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген кожоюну. Аким,губернаторлорду тоготуп да коюшпайт, анткени баласынан аябаган ата-эне буларга акча берип жатып, кудайды да тааныбай баратат. Гүленчилердин тиреги болгон Илим жана билимдин экс- министри Алмаз Бейшеналиев жаңы жаңылык кийирген. Мектеп директорлорун беш жылга гана дайындоо сунушталып жаткан, ушунун негизинде мыйзам кабыл алынганы турган. Эми эч кимге баш ийбеген өз алдынча хандарга же феодалдарга жана “көмүскө” “Хамалеондорго” айланган мектеп директорлорун тыюуга көпөстөрдүн көпөсү Купешов министрдин эрки жетеби? Кемеден жамандык болорун алгач келемиштер сезишет. Директорлор да канча бийликти алмаштырды түстөрүн өзгөртүшүп кийинки бийлик менен ымалалашып кетишет. Алды отуз жылга чейин бир мектепти мыкчып тургандар Масалиев, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдор кетишсе деле ордуларынан былк этишкен жок да, чиркин. Эми жаңы министр Купешов кандай иштер экен? Мынча чамынып алган соң аягына чыгар. Же муну да иш кызып келатканда жыга чабабы? Учурда мектеп директорлору баш болуп, мугалимдер жана окуучулар каникулда. 2020-жылдагы карантин мектеп окуучуларына катуу таасир этти. Ыраматылык билим жана илим министри Каныбек Исаков жазгы каникулдан соң онлайн менен окутууну баштаган. Аны үйрөнүп, бир тартипке келе алышпай окуучулар да, мугалимдер да бир топко кыйналышты. Учурда дагы коронивирустун дагы бир толкуну келатат деген сөз болуп жатат. Мектеп окуучулары онлайнды чемирчкедей чагып калышкан. Ким багыт бергени билинер, бирок окуучулар үчүн туура багыт тандалган.

2021-жылы мектеп окуучулары жарым онлайн системасына өтүштү. Башталгыч класстарга балык үчүн суудай керек предметтер математика, жазуу сыяктуу сабактар мектептен окутулуп, дене тарбиясы, эмгекке үйрөтүү, мекен тануу сыяктуу көмөкчү сабактар онлайн тибинде окутула турган болду. Учурда каникул убагында мектеп окуучулары башты оорутпай эс алып жатышат. Мугалимдер замандын тайкысынан улам эс алуу көргөн жок, ал эми мектеп директорлору кантип ордумду сактап калам деп башты оорутуп жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости