www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А.Акаевдин бийликке келиши, А.Масалиевдин тагдыры

III бөлүм

Мына, совминдин председатели жолдош Жумагулов, Жогорку Советтин төрагасы болуп, Москвага барганда биз жолдош Горбачевго, жолдош Рыжковго чейин кирип, далай маселелерди чечтик... СССРдин эл артисттери болушту, жылдыздарды, ордендерди алышты... Ошол жерде БКнын пленумдарында Жогорку Советтин сессияларында башка чогулуштарда, кыргыз элинин атынан суйлөп жүрүштү... Мүмкүн, эми башка жолдоштор келет. Сөзсүз буга да жол беребиз, өстүрөбүз өзүбүздүн жаныбызда. Алар келген учурда, мүмкүн, тезирээк чечиле баштаар... Эми азырынча менин суранычым бар. Баарыңыздар бизге жардам берсеңиздер, бир жакшынакай ойлор болсо, мына бул жерде БК, Өкмөт, Жогорку Совет чечпей жатат, ошонун ичинен жолдош Масалиев сиз чечпей жатасыз, жолдош Жумагулов чечпей жатат деп, башканы да ачык айтсаңар, анан бирдекени сүйлөп коюп, бирөөлөрдү уюштуруп коюп жүрсөк, бул өзү эң жарабаган уят иш деп ойлойм.

Андан соң Масалиев элдердин ортосундагы ынтымакты ушул деңгээлде кармасак, биринчи кезекте кыргыздар өзүбүз ынтымакта болсок деген оюн айтат. «...Дагы бир айта турган маселе чынында көп тоолуу райондордо, тоого жакын райондордо кыргыздардын шарты начар болуп жатат... Бул улутчулдук эмес... Шарт ошондой болуп келди, анын баарын чече албай келдик, өтүп кеткен жетекчилерге баарын жүктөбөйлү, күнөөлөрү да бар, бирок ошолор күнөөлүү деп, жүрө берген болбойт... Мына Түлөбердиев энергетика менен алектенген киши... Жакшы ой-пикирди айтты. Ушул боло турган жылдарда жакшылап туруп айылдарды, алыскы райондорду толук электрлештирсек, ошондо көмүр ташып убара болбойт. Үйлөрүн жылытканга, сууну жылытканга, тамагын бышырганга, мончолорун жылыткан ушул электрге өтсөк деген эң жакшы ой-пикирлерди айтты... Сессияда ушуну Өкмөттө карап чыгабыз деген оюбуз бар... Таза суу менен айылдарды толук камсыз кылууну Өкмөт колго алганын айтып, анан коңшу өлкөлөр менен жайыт маселелери курч экенине токтолот.

«...Жолдош Масалиев, бир учурда Кулатов жайыттарды Шахмерданды берген. Эми сиз Баткенди берип жатасыз.... дешти. ...Арама сөз... Кулатов Жогорку Советтин президиумунун председатели болгон. Ал маселени башка кишилер чечкен. Анда ошондой шарт болгон. Тажиктер дагы 100 мин га жерди жайыттарды пайдаланып жатат... Биз болсок, Кенес-Анархайда 270 миң га пайдалансак, алар биздин Суусамырдагы 100 мин га жайыттарды пайдаланып жатышат. Бул маселелер дароо эле атка минип барып чече турган маселе эмес... Биздин оюбуз коңшу өлкөлөр менен, бут союздук республикалар менен достукту күчөтүп бекемдөө... маселелерди чогуу чечүү, дагы бир маселе, тил боюнча кеп сөздөр болду. ...Кыргыз тилин өнүктүрүү керек, мында эч ким талашпайт. Бул өзү оңой маселе эмес, бирок ошол айткан, бизди сынга алган жолдоштордун көбү, өздөрү иштебей жатат... Татынакай кылып жазып туруп сүйлөп коёт дагы, иш жүргүзбөйт. Эми ушул кыргыз тилин, эгер чыныгы патриот болсок, жапатырмак киришпейбизби ушуга... (аталган стенографиялык отчет, 38-48-бб.).

Тарагалык кылуучу жолдош Глушич боюнча жана сүйлөштүк, ал киши эки жолу чыкты... Анын полномочиесин туура деп чечтик... ошондуктан, баарыбыздын кызыкчылыгыбыз үчүн, ынтымагыбыз үчүн, ушуну кечинде телекөрсөтүүдөн, радиодон, басма сөздөн бербей эле койсок... комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгын сессияга айтат (аталган стенографиялык отчет, 49-б.). Депутаттар макул болот. Андан соң 27 маселеден турган күн тартибин бекитишет да, анын айрымдары чечилгенин, мисалы, мандат комиссиясынын шайланганын, Жогорку Советтин төрагасынын шайланганын төрагалык кылуучу айтып, эми анын биринчи орун басарын жана орун басарларын шайлоо, Совминдин төрагасын дайындоо, Кыргыз ССРинин Конституциясына өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө, Кыргызстан КП БКнын сунуштары тууралуу (Конституциянын 6,7-статьяларына) ж.б. 27 маселенин бардыгын толук окуйт (стенографиялык отчет, 50-51-бб.). Күн тартиби боюнча сөзгө депутат Текебаев чыгып: «Советтик федерациянын составындагы республикалардын улуттук, өз алдынчалыкка, суверендүүлүккө умтулуусу табигый көрүнүш... менин оюмча, суверендүүлүккө умтулуу аман калуунун бирден бир жолу... биз ушул сессияда карай турган маселелердин бардыгы бир идеядан чыгып, бир идеяга келип такалышы керек. Ал идея - республиканын улуттук суверендүүлүгү... Ушул багытта жасалган биринчи кадам кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алышы болду. Биринчи кадам жасалып, ошол бойдон токтоп калды... Экинчи кадам, мамлекеттин ээсин аныктоо деп эсептеймин... Республиканын ээси анын гражданы болуш керек... Бардык закондордо кыргыз ССРинин гражданы деген сөздөр бар... Юридикалык жактан алганда ал ким? Кыргыз ССРинин граждандыгы жөнүндөгү законду жана миграция жөнүндөгү законду. Экинчиси, Жогорку Советтин аппараты партиялык аппаратка баш ийбеген өзүнүн гезитин ачышыбыз керек... менин ушундай сунушум бар. Редакторун сесссияда шайлашыбыз керек. Учүнчүсү, күн тартибиндеги 7-маселе. Кыргыз ССРинин Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү» деген жерге Кыргыз ССРине президенттик башкаруу киргизүү жөнүндө кошуп кетсек... Кеп бүгүн эле чечип коюу жөнүндө эмес. Бүгүн ушул закон алуу, бир жыл же жарым жылдан кийин жалпы түздөн-түз добуш берүү менен президентти шайлоо жөнүндө болуп жатат. Бул дагы суверендүүлүктүн негизги атрибуттарынын бири болуп эсептелет... (аталган стенографиялык отчет, 52-53-6б.).

Депутат К.Акматов: «Менин сунушум Конституция боюнча... дагы бир комиссия түзүшүбүз керек го деп ойлойм. Конституциянын жаңы текстин иштеп чыгуу боюнча... Ал комиссия иштей берет эле. Ал комиссияга дагы республиканын символикалары жөнүндө тапшырма берсек. Мисалы, республиканын Гимни эскирип кетти. Фрунзе шаарынын аталышы, Герб, желек ж.б. символикалар жөнүндө да пикирлер көп айтылып жатат. Мына ушулардын баарын өзүнчө бир комиссияга тапшырып койсок. Конституциянын текстин келип түшкөн сунуштарды карап, иш жүргүзө берсе... (стенографиялык отчет, 53-54-бб.).

Председатель А.Масалиев (мындан кийин председатель А. М. деп берилет): Казат Акматович жакшы маселе көтөрүп жатат, анын айткандары эң туура, бул чон маселе... Бул ишти Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумуна тапшырсак, туруктуу комиссиялар менен кеңешип, даярдай беришсин...

Депутат К.Акматов: «Мен коомдук башталыштагы жумушчу комиссияны айтып жатам... председатель А. М.: «Сиз жумушчу комиссиянын составын жазып берсеңиз... Депутат К.Акматов: Экинчи маселе, президенттик жөнүндө, кечээ чоң сөз болду эле. Президент менен жогорку Советтин төрагасынын айырмасы жок дегендер болду. Айырмасы асман менен жердей. Президент деген бул элди бийликке алып бара турган суверендүү өз алдынча мамлекет болобуз десек, президенттик башкарууну сөзсүз киргизишибиз керек... Мына азыр А.Масалиевич Жогорку Советтин төрагасы болду. Ошону менен бирге биринчи секретарь. Бул эки кызматты ээлөө болуп саналат... Президенттик башкарууну киргизүү жөнүндө талкуулашыбыз керек.... Председатель А.М.: Сиздин бул сунуш күн тартибинин кайсы жерине ылайыктуу.

Депутат К.Акматов: Абсамат Масалиевич, мен өзүмдүн каалоо лорумду айтып жатам...

Председатель А.М.: - Сиз сөз сүйлеп жатпайсызбы?

Депутат К.Акматов: - Эми ушул президенттик структура жөнүндө сунушту закон чыгаруу боюнчабы, же башка комиссиягабы тапшыралы. Ушуну экинчи сессияга чейин иштеп чыгып, жообун бергендей болсун.

К.Акматовдун ою боюнча суверендүү өлкөлөрдө сөзсүз президент болуш керек деген ой болгон. Мындай ойдо өздөрүн «демократпыз» деп ойлогон ондогон депутаттар да бар. Ошол эле учурда Англия, Кытай, Япония ж.б. өлкөлөрдө президент институту жок эле суверендүү өлкөлөр экенин бири да айтпаган.

Председатель А.М.: - Мен дагы бир жолу айтып коёюн, биздин оюбузча, бизге азыр президенттин кереги жок. Ошондуктан сиздер да ойлонуп көргүлө, биз дагы ойлонолук... Башка республикаларда сессиялар өтсүн, аларды көрөлү... президенттик башкаруу деген оңой маселе эмес, бизге президенттин кереги жок... Бул тууралуу чоң-чоң юристтер сөз кылып жатышат. СССРдин жетекчилери дагы ушул тууралуу айтып жатышат. Бул маселени талаша бербей, күн тартибиндеги маселелерге өтпөйлүбү? Айтылган сунуштардын көпчүлүгүн кабыл алууда жумушчу комиссиясын түзөбүз, калгандарын да карап көрөбүз... Эми сиздерге сунуш кылынган күн тартибин бекитилсин дегендер добуш берсеңиздер... үч киши каршы... күн тартиби бекитилди.

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости