www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Мелис Арып-Бек кыргыздын алп акындарынын бири Элмирбек Иманалиевге арнап  “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китеп жазып, бүгүн бет ачаары болду.

Иш чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында уюштурлду. Ага Мелис Арып-Бекти жана алп акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгын сыйлаган инсандар, жакындары, ошондой эле ага коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, профессорлор, маданият өкүлдөрү катышты.

Саамалыкта келген коноктор “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китептин өзгөчөлүгүн жана автордун чыгармачылыгын баалашты. Ал эми Мелис Арып-Бек Элмирбек Иманалиевдин элесине арнап дагы китептерди жаратып тураарын билдирди.

--“Кыргыз журту эбегейсиз жоготууга учурап, бир жыл аралык убакыт өтсө дагы, алп акылман акыны Элмирбек Иманалиевди эскеришип, ага карата азалуу күндөр уланууда. Элмирбек кыргыз элине бир келген жаназык гүлазык куту болгон! Көп кырдуу жана көп сырдуу чебер таланты менен өз жеринде карайлап, барксыз кулга айлынып бараткан каратаман калкына күч-кубат, дем берип, көңүлүн көтөрүп турган! Ардуу акылман төкмө акын эзилген эли үчүн күйүп бышып, арсыз саткын бийликтин чыккынчылыгын ашкерелеп, бет кабын сыйрып турган.

Мен Элмирбекти жоктоп, китеп жазууну туура көрдүм. Изилдеп, айылына чейин барып анан бул китепти жараттым. Анда айылдаштарынан, туугандарынан жана шакирттеринен маектерди алып, чогултуп чыгардым. Мында өзүм акын менен төрөлүп, аны менен чогу жүргөндөй кыйналып жүрүп, аягына чыктым.

Китеп акын Элмирбек Иманалиевге, анын жакын досу, акын Зайырбек Ажыматовго жана сырдаш-муңдаш досу Сүйүнбай Бөрүбаевдин жаркын элестерине арналат. Үчөө тең жарышып, жарым жыл аралыгында дүйнө салышкан.

Ал эми бүгүнкү китептин бет ачаарын уюштурган адамдарга терең ыраазчылык билдирем. Ар дайым ушундай маданиятка колдоо көрсөтүп турушса абдан жакшы болмок. Убактыларын бөлүп келген бардык санаалаштарыма ыраазычылык айтам. Акынга арналган китептин биринчи гана тому чыкты, чек болбойт. Мындан ары дагы анын чыгармачылыгын изилдеп, шакирттеринен, жакындарынан маектерди алып чыгарып турам”, - дейт Мелис Арып-Бек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости