www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сенегалда студент бала сүйлөшкөн кызынын ордуна англис тилинен экзамен тапшыруу үчүн аялдардын кыздар сыяктуу кийинип сынакка катышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

22 жаштагы Хадим Мбупу өзүнүн сүйлөшкөн кызындай болуп жасалгаланып - Ганге Диумдун бүтүрүү сынагын тапшырган. Хадимдин сүйлөшкөн кызынын англис тили сабагынан көйгөйү бар болчу. Ошондуктан ал жигитинен ошол сабактан экзамен тапшырууну суранган.

Жашыруу үчүн Хадим парик жана жоолук салып, сөйкө тагып, ошондой эле бюстгалтерин кийип, ал тургай жүзүн боёп койгон. Үч күн бою ал бакалавр даражасындагы студенттердин сынактарындагы байкоочуларды жана башкаларга кармалган эмес.

Экзамендердин акыркы күнүндө байкоочулардын бири студенттен күмөн санап баштаган. Ганге Диумда бир нерсе туура эмес болгонун байкашкан. Көп өтпөй кызынын ордуна сынак тапшырып жаткан  жигиттин алдамчылыгы ачыкка чыкты.

2-августта Мбупа экзаменди бурмалоо боюнча айыпталып сотко келген. Аны менен бирге Ганга Диум шериктеш деп айыпталган жосунсуз жоругу үчүн жооп бериши керек болчу. 22 жаштагы бала мыйзамды "сүйүүдөн улам" бузганын мойнуна алган.

Эми аларды окуудан чыгаруу, беш жылга чейин мамлекеттик экзамендерге катышууга тыюу салуу, жогорку окуу жайына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салуу, айып пул салуу, ал тургай бир жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу күтүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости