www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн шаарында арабада отурган майып кишини унаасы менен койдуруп из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 8-август күнү саат 11:45тер чамасында Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 жаштагы А.Д. жолдун четинде майып арабасы менен бара жаткан. Артынан белгисиз айдоочу унаа менен коюп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткени айтылды. Жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми арабасы сынып, жарактан чыккан.

9-август күнү Өзгөн райондук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн инспектору Калилбай уулу Аскат тарабынан качып жүргөн айдоочу — Өзгөн районунун 46 жаштагы К.К. аттуу тургуну кармалган. Ал кырсыкка кириптер болгон Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен колго түшүрүлгөнү айтылды.

Аталган унаа кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Машина айып короого токтотулуп, айдоочу Өзгөн РИИБине жеткирилген

Булак: NazarNews.kg

Последние новости