www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын өлкө аймагынан сыртка чыгарууга киргизилген убактылуу чектөөлөргө өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

21-майда кабыл алынган №361 токтому менен мурдагы №160 токтомго түзөтүүлөр киргизилип, бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк бааларын турукташтыруу максатын көздөйт.
Жаңы тартипке ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын чыгарууга болгон убактылуу тыюудан айрым өзгөчө учурлар чыгарылды. Алардын ичинде:
асыл тукум койлор, козулар жана кочкорлор;
өлкөдө өстүрүлбөгөн жана мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасы тарабынан экспорттоло турган тирүү мал.

Буга чейин өлкөдө өстүрүлгөн ири мүйүздүү мал, жылкы, кой жана эчкилерди сыртка чыгарууга жалпы тыюу салынган болчу.

Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик чек ара кызматына мыйзамсыз экспорттун алдын алуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалым болгондой, буга чейин министр Эрлист Акунбеков “Арашан” асыл тукум койлорун өстүрүүчүлөр менен жолугушуп, бул породаны эл аралык рынокко чыгаруу пландарын билдирген.

Последние новости