www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

УКМКнын маалыматына караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 12-августта жарандардын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн, тактап айтканда, колдонуудагы конструкцияны бир жер тилкесинен башкасына көчүрүү маселеси боюнча акча талап кылган деген шек менен Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.у.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар деген шек менен Төө-Моюн айыл аймагынын башчысынын орун басары И.М.А. да кармалган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Последние новости