www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан ИИМнын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 25-сентябрында 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. кармалды, ал Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган.

Буга чейин, 2023-жылдын 21-сентябрында участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости