www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арбактар боюнча адис Бакчиевди «дүжүр чал» Мусаев көтөргөндө

Топчубек Тургуналиев аренадан кетип, бийликке сес көрсөткөн киши жок, саясат да коңултактап, кунарсыз болуп баратат. Аксакал Топчукебиз эми Соке битиреп жатып Манаска Айтматовду учкаштырып ачкан академиянын президенттигин да өткөрүп бериптир.

Анын ордуна атактуу жайсанчы, арбактар боюнча адис Талантаалы Бакчиев барган экен. Аны болсо, көптөн бери «дүжүр чал» атка конгон көлдүктөрдүн отдел кадры Сыртбай Мусаев терминкомго алып барып, эки жылдан бери Т.Бакчиев ошол жерде кылган ишинин дайыны жок, жөн эле айлык алып жүргөнүн айтышууда.

Эми ошол кылар иши жок кишини президенттикке сүйрөп барганы кандай? Бу Сыртбай Мусаевдин «козу болсо да өз короомдон кочкор салам» деген жаман адаты калбайт окшойт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости