www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ардагер журналист Акил Адамалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге ачык кат жолдоп, маалымат тармагындагы мамлекеттик социалдык заказ боюнча берилген гранттар тууралуу түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

Ал министрлик өткөргөн республикалык сынактын жыйынтыгында айрым уюмдарга 1 млн сомдон грант бөлүнгөнүнө көңүл бурган.

Журналист өзгөчө Кыргызстандын Журналисттер союзуна жана айрым коомдук фонддорго каражат берилгенине байланыштуу суроолорун билдирген.

Ачык катта Журналисттер союзуна «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана социалдык интеграциясы» багыты боюнча грант берилгени тууралуу маалыматты мисал келтирип, уюмдун бул багыттагы ишмердүүлүгү боюнча түшүндүрмө сураган.

Ошондой эле ал «Тунук-Ук», «Сары Булуң» жана «МирСу» коомдук фонддоруна берилген гранттардын максаты, аткарылчу иштер жана каражаттын пайдаланылышы тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн.

Журналист министрликтен мамлекеттик каражаттардын бөлүштүрүлүшү боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылган.

Последние новости