www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргентинанын Сан-Хуан провинциясында күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Tiempo de San Juan билдирди. Жер титирөөнүн кесепетинен аймак боюнча электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, жергиликтүү тургундар коркуп үйлөрүн таштап кетишүүдө.
Унаа жолдордо чоң жаракалар пайда болду. Окуя бүгүн, 19-январда түн ортосунда катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Медиа Агуада 128 км тереңдикте болгон.
Маалымат булагы билдиргендей, силкинүүнүн күчү Кордоба жана Буэнос-Айресте сезилген биринчи жер титирөөдөн 20 мүнөттөн кийин дагы уланган. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана каза болгондор жөнүндө азырынча маалымат жок.
Эске сала кетсек, 1940-жылдардын ортосунда Аргентина аймагында күчтүү жер титирөө болуп, 10 миң адам каза болгон.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg