www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кремлде Кыргызстандын башаламандыкка жана кылмыштуу топтун башкаруусуна өтүп кетишин токтотуунун бир гана жолу бар жана аны колдонууга мажбур. Ал – каржылык жардамды токтотуу”. Мындай оюн саясий серепчи Аркадий Дубнов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу бөлүштү. 

“Бүгүн Бишкекте болуп өткөн окуялар, парламент тарабынан эртең менен премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган жана бир жума мурун гана “революциячыл” эл тарабынан түрмөдөн бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун кечинде отставкага кетишин талап кылганы, жаңы премьер-министрдин артында алсыз бийликти "шантаж" кылган криминал турат деп айтууга толук негиз бар” – деп жазды Дубнов.

Белгилей кетсек, Дубнов Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топту “үчүнчү күч” деп атаганын “күлкүлүү” деп эсептейт.

Ошондой эле анын айтымында, “криминал өлкөнү илгертен бери башкарып келген”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости