www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир райондун Жогорку Кеңеште өкүлү болуш керек. Мындай пикирди жарандык активист Аркарбек Мамытов айтты.
--"Кыргызстанда 3 жарым млн шайлоочу бар. 36 мандатка бөлсөк ар бир мандатка орточо 100 миңдин тегерегинде шайлоочу туура келет экен. Бир мандаттуу округга бөлгөндө 15 миңдей шайлоочусу бар Тогуз-Торого окшогон чакан райондордон 6 районду бириктирсеңер араң бир округ болот экен. Эми ошол алты райондун бирөөсүнөн чыккан бир адам Жогорку Кеңешке депутат болуп барса, аны кантип эл өкүлү дегенге болот? Кол ийрисине тартат болуп өзүнүн районуна тартат да башка райондор жетим баладай кала берет. Ар бир район деген өзүнчө эл, демек логикага ылайык ар бир райондун Жогорку Кеңеште өкүлү болуш керек да.
Преференциалдык башкача айтканда партиялык тизме менен келчү 54 мандатка бөлсөк ар бир мандатка 65 миңдей шайлоочу туура келет экен. Жалпы шайлоочулардын жарымы катышканда деле Кыргызстан боюнча 30 миң добуш топтогонго кадыры жетчүлөр чыгаар бекен же көнгөн адат менен акчага сатып алышабы?", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg