www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы совет өлкөсүндө сүймөнчүккө ээ болгон театр жана кино өнөрпозу Армен Жигарханян 14-ноябрда таңга маал 86 жашында Москва шаарында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Москва драма театрына шилтеме берүү аркылуу жазды.
СССРдин эл артисти, актёр жана режиссёр Армен Жигарханяндын теги - тифлисстик армяндардан болот. Ал 1935-жылы 3-октябрда Ереван шаарында туулган.
Белгилүү болгондой эле, Армен Жигарханян 250дөн ашуун кинотасмада тартылган. Арасында өзгөчө "Кармалбас өч алуучулар", "Жолугушуу жайын өзгөртүүгө болбойт" тасмалары эл арасында кеңири тараган тасмалардан.
А.Жигарханян 2001-жылы коомчулук өкүлдөрүнүн НТВ сыналгы каналын коргоого алган катына кол койгондордун бири болгон. 2012-жылы ал Орусиядагы президенттик шайлоодо талапкер Владимир Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон. Ал эми 2014-жылы Крым боюнча В.Путиндин турумун колдоого алган петицияга кол койбой койгон.
Ал Орусиянын "Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн" орденинин II, III, IV даражаларын алган. Ага Армениянын "Ардак" ордени ыйгарылган жана Еревандын ардактуу жараны наамы берилген. Ага кино жана театр өнөрүндөгү салымдары үчүн бир катар эл аралык сыйлыктар ыйгарылган.
Булак: NazarNews.kg