www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент тарабынан 2018-жылы президент болуп шайланган. Армен Саркисян кызматынан чегинди. Бул тууралуу билдирүү өлкө башчынын сайтына жарыяланды.
Саркисян - бул ойлонулган чечим экенин айтып, президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатына таасир этүүчү эч кандай куралга ээ эместигин жүйө катары келтирген.
"Биз президент тынчтык жана согуш маселелерине таасир эте албаган, өлкө жана анын эли үчүн максатсыз деп эсептеген мыйзамга вето сала албаган, өз потенциалын ички жана тышкы саясий маселелерди чечүүгө пайдалана албаган уникалдуу реалдуулукта жашап жатабыз. Дүйнө олку-солку болуп турганда президенттин мамлекетине жардам берүү үчүн эч бир конституциялык инструменти жок реалдуулукта өмүр сүрүүдөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.
Сөзүнүн соңунда Конституцияны өзгөртүү боюнча комиссия түзүлгөнүнө, өкмөттүн ишине ыраазычылык билдирип, армияга, Мекен үчүн жан берген жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө президент алкыш айткан.
Эскерте кетсек, Саркисян парламент тарабынан 2018-жылы президент болуп шайланган. 2015-жылы өлкө парламенттик башкарууга өтүп, жети жылдык мөөнөткө шайланган президенттин укуктары кыйла чектелген.
Булак: NazarNews.kg