www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Кечээ, 23-январда Баткендин Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылындагы Козу-Баглан дарыясынын аймагында кыштактын тургундары чек аранын такталбаган жерине мал-жандык кирип кетпеши үчүн зым менен казык орнотуу иштерин башташкан.
Бул иштерди жүргүзүү үстүбүздөгү жылдын 21-январында эки тараптын чек ара застава башчылары менен макулдашылган. Бирок буга карабастан Тажикстандын чек ара кезмети келип, тосмону орнотууга эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн чечими керек деген шылтоо менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Чыр-чатакты болтурбоо максатында Кыргызстандын жарандары тосмо тосуу жумуштарын убактылуу токтотушкан.
"Маселени чечүү үчүн жакынкы убактарда Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландаштырылган", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагын көзөмөлдөп жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg