www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын тышкы иштер министри иштен кетти

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тышкы иштер министри Зограб Мнацаканяндын кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Бул тууралуу Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Андан бир аз мурда Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анна Нагдалян өлкөнүн башкы дипломатынын кызматтан кетүү тууралуу арызынын сүрөтүн "Фейсбукка" жарыялаган.

Мнацаканян Армениядагы «Баркыт ыңкылабынан» кийин, 2018-жылдын 12-майында тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ал Арменияда Тоолуу Карабакка байланыштуу келишим талкуу жаратып, бийликке каршы сын-пикирлерди күчөтүп койгон учурда иштен кетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости