www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине Армения менен Азербайжандын чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусиянын кадамдары тууралуу маалымат бергенин РИА Новости уюмдун катчылыгына таянып кабарлады.

"Владимир Путин Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө Орусия тараптын чыр-чатакты басаңдатууга багытталган кошумча практикалык кадамдары тууралуу маалымат берди", — деген катчылык.

Чек арадагы чыр боюнча эки өлкө бири-бирин чагымчылыкка айыптап жатышат. Ереван Баку шейшембиге караган түнү оор артиллерия, учкучсуз аппараттарды жана миномётторду колдонуп Армения аймагын аткылаганын кабарлаган. Ошондой эле армян тарапта каза болгондор жана жарадарлар бар экени айтылган. Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын диверсиялык күчтөрү алар жүргөн аймакка мина койгонун жана тиешелүү жооп кайтарылганын билдирип, алар тараптан дагы жоготуулар болгонун кошумчалаган.

Учурда тараптар ок атууну токтотуу боюнча макулдашты. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары, статс-катчы Григорий Карасин РИА Новостиге билдиргендей, Орусиянын аракетинен улам Армения менен Азербайжан жарашуу тууралуу сүйлөшкөн. Сенатор Ереван ЖККУга кайрылгандыктан, алдыда чоң иштер турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости