www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жеңишбек Токторбаев буга чейинки президенттердин жасаган иштери тууралуу айтып өттү.

Токторбаев бул арада Раим Матраимов Кыргызстанды башкарган деген өңүттө билдирүү жасады.

Бул ортодо депутат Шайлообек Атазов Токторбаевдин сөзүнө каршы чыгып, аны айткандарын дагы бир жолу анализдеп, талдап чыгуусун сунуштады.

«2010-жылы бизда борбордук аянтта кан кечкенбиз. Ал учурдагы Ташиевдин эрдигин да баарыбыз билебиз. Элди будуң-чаңга, революцияга эч ким үгүттөбөш керек. Азыр бул жерде сиз Асылбек Жээнбеков башкарды... Раим миллион башкарды деп айтып кеттиңиз. Бирок, Асылбек Жээнбеков бийликке келгенде ал иштен кеткен болчу. Матраимов болгону Бажыда орун басар болгон. Ал киши (Раим Матраимов - ред) мамлекетти башкардыбы же мамлекеттин башкаруусуна жардам бердиби? «Эки дөө урушса, ортодо чымын өлөт» дегендей Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жүрүп, аны кара пиар менен социалдык тармакта каралап жатып, бүгүнкү күндө «Дордой», «Кара-Суу» базарларын сазга отургузушту.

Жеңишбек Токторбаев, жакшылап текшерип көрүңүзчү, балким ал мамлекеттин экономикасына жардам бергендир?», - деди Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости