www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым орусиялык талдоочулар Никол Пашинян жетектеген Армения акыркы мезгилде Батыш жана Түркия менен кызматташтыкты кеңейтип, Россия менен болгон салттуу байланыштарды кайра карап жатканын белгилешүүдө.

Өзгөчө Зангезур коридору долбооруна көңүл бурулуп, анын ишке ашышын АКШ менен Түркия колдоп жатканы айтылат. Долбоор Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахчыван менен Армениянын аймагы аркылуу байланыштырууну көздөйт.

Ошондой эле Арменияда күн энергетикасын өнүктүрүү жана жаңы инвестицияларды тартуу демилгелери талкууланууда. Бирок айрым эксперттер өлкөнүн Россия менен экономикалык кызматташтыгынын алсырашынан улам энергетика жана соода тармактарында тобокелчиликтер жаралышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Армениянын жаңы тышкы саясий багыты келечекте өлкөнүн аймактык өнөктөштөрү менен болгон мамилесине жана экономикасына таасир этерин белгилешет.

Последние новости