www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) курамынан чыгарылышы мүмкүн болгон маселе 29-майда Астана шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында талкууланат. Бул тууралуу Алексей Оверчук билдирди.
Анын айтымында, Армениянын бул маселе боюнча позициясын мүмкүн болушунча эртерээк такташы ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнө да, Армениянын өзүнө да карата эң туура жана ачык мамиле болмок.
«Бул белгисиздик экономикалык операторлорду күтүү позициясында кармап, узак мөөнөттүү экономикалык мамилелерди түзүүгө тоскоол болуп жатат. Бирок биз Армениянын ЕАЭБдеги мүчөлүгүн сактап калышын каалайбыз. Тандоо армян элинин колунда», — деди Оверчук.
Эске салсак, Никол Пашинян алдыдагы шайлоолорго байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катыша албай турганын айткан.