www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын аскер кызматкерлери ок атышты. Анын кесепетинен адамдар каза болду. Бул тууралуу Тоолуу Карабахтын Ички иштер министрлиги жана Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.
Тоолуу Карабахтын ИИМи Азербайжандын аскер кызматкерлери 5-мартта эртең менен полиция кызматкерлеринин унаасын аткылаганын жарыялады. Анын кесепетинен полициянын 3 кызматкери: полковник, майор жана лейтенант көз жумган. Андан тышкары бир кызматкер жаракат алган.
Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги эки тараптан тең адамдар каза болгонун белгиледи.
«5-мартта эртең менен азербайжандык аскер кызматкерлери мыйзамсыз аскердик жүк ташыган транспорт каражаттарын кармап, текшерүүгө аракеттенишкен. Бирок ошол учурда ок атылган», - деп айтылат маалыматта
Азербайжан Армения менен Тоолуу Карабах Лачин коридорунан башка жолдор аркылуу аскердик жүк ташып жатышканын айтты.
Армениянын Ички иштер министрлиги болсо Азербайжандын аракеттерин терроризм деп баалап, бул Азербайжандын бийлик өкүлдөрү тарабынан пландалган провокация экенин билдирди. Ошондой эле, Тоолуу Карабахка курал-жарак ташылып жатат деген маалыматты четке какты.
2022-жылы 12-декабрда Азербайжан Армения менен Тоолуу Карабахты бириктирген Лачин коридорун жапкан. Бул жол аркылуу Тоолуу Карабахка азык-түлүк жеткирилет. Ал жерде Россиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү да бар. Бирок Армения россиялык аскер кызматкерлери өз милдеттерин аткарбай жатканын айтып келет.
Булак: NazarNews.kg