www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения менен Азербайжан делимитация жана чек ара коопсуздугу боюнча иш баштоого макулдашты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Брюсселдеги жолугушуунун жыйынтыгында чек араны делимитациялоо боюнча армян-азербайжан комиссиясынын ишин баштоо жөнүндө макулдашты.

“Азаттыктын” армян кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Армения менен Азербайжандын мамилесин, анын ичинде Тоолуу Карабак көйгөйүн жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жараянын баштоого даярдык көрүүнү талкуулашты.

"Ушундай эле жолугушууну июлда же августта өткөрүү планы менен үч тараптуу жолугушууну улантуу боюнча макулдашуу жетиштилди", – деп белгиледи Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Азербайжан тарап азырынча Брюсселдеги жолугушуу жөнүндө комментарий бере элек.

Бул 2020-жылы Тоолуу Карабакта абал курчуп кеткенден бери Азербайжандын президенти менен Армениянын өкмөт башчысынын үчүнчү жолку көзмө-көз жолугушуусу болуп калды.

Бул арада Ереванда баш ийбөөчүлүк акциясы уланууда. Армян оппозициясы премьер-министр Никол Пашиняндын өкмөтүн Тоолуу Карабакка байланыштуу сүйлөшүүлөрдө Азербайжан тараптын кабыл алынгыс талаптарына макул болду деп айтып жатат.

“Азаттыктын” армян кызматы дүйшөмбү күнү эртең менен Еревандын четинде автожүрүш башталып, алар борборду көздөй багыт алышканын кабарлады.

Улуттук жыйындын оппозициячыл вице-спикери Ишхан Сагателян баш ийбөөчүлүк акциясына бардык айдоочулар кошула аларын, бул үчүн алар борбордун көчөлөрүндө саатына 15 чакырым ылдамдыкта гана жүрүшсө жетиштүү болорун айткан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлүп, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости