www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Астанада өткөн ЕАЭБ саммитинде Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия Армениядан Европа Биримдиги менен жакындашуу саясатын так аныктоону талап кылышты. Төрт өлкө Ереванга ЕАЭБде калуу же Еврошаркетке багыт алуу боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуштады.
Лидерлер Армениянын Европа менен интеграциясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикалык коопсуздугуна таасир этиши мүмкүн экенин белгилешти.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян саммитке катышкан жок. Анын ордуна делегацияны вице-премьер Мгер Григорян жетектеп барды. Ереван ЕАЭБ менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиргени менен, улуттук эгемендик жана тең укуктуулук принциптерин сактоо зарылдыгын белгиледи.
Саммитте ошондой эле жасалма интеллект, санариптик өнүгүү жана экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.