www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 10-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурунда, 13-сентябрь күнү Бишкекте өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын жыйынына келбей турганын билдирген.

Кыргызстандын президентинин сайтында жарыяланган маалыматта: "Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам жыйынга катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди. Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда мамилелерди бекемдөөнү макулдашты", - деп жазылган.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

Армения буга чейин Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда өтүп жаткан "Бузулгус боордоштук-2023" аскердик машыгуусуна да катышуудан баш тарткан болчу.

Пашинян өткөн айда Армения-АКШ аскердик машыгуусун утурлай "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал ЖККУга мүчө болуу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Расмий Ереван Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп жооп кайтарган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости