www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян өлкөнүн Европа биримдигине кирүү ниети жөнүндөгү мыйзамга кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы. Европа биримдиги тарабынан Арменияга чакыруу болгон эмес.

Документте: «Армения Республикасы демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, коомдун бакубаттуулугун жогорулатууга, коопсуздукту, туруктуулукту жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө умтулуп, Армения Республикасынын Европа биримдигине кирүү процессинин башталышын жарыялайт», - деп айтылат.

Армениянын парламенти республиканын ЕБге кирүү ниети жөнүндөгү мыйзамды 26-мартта кабыл алган. Премьер-министр Никол Пашинян биримдикке кирүү жөнүндө чечим жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча гана кабыл алынышы мүмкүн экенин тактады

Последние новости