www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан ыңкылапчылардын өлкөсү катары дүйнөгө таанылды. Мындай атка кондурган олуттуу саясый окуялардын бири 2010-жылдагы Апрель кандуу окуялары. Азыр болсо Курманбек Бакиевди актоо, Апрель революциясына катышкандарды каралоо процесси жүрүп, Адахан Мадумаровго окшогон оозуна алы жетпеген саясатчылар аларды мазактаганга чейин барып жатышат.
Эң таң калычтуусу, ошол Апрель окуяларына байланыштуу материалдар тарых музейинен алынып салынган. Тарых артка кайрылбагандай эле, аны ар ким каалагандай оңдогонго да болбойт. Тарых музейинин ачылышына катышкан президенттин кеңешчиси Арслан Койчуев өзү тарыхчы болуп туруп ушуну билбейби, же ал да тарыхты оңдоп жазганга кызыкдарбы? Же акылдан адаштыбы?..
Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун «жармасына» элибиз эчак эле тоюп бүткөн. Мындай кошоматчылар тарыхты кор кылып бүтүштү...
Булак: Азия News гезити