www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук идеологиянын багытын аныктап, коомдун руханий дүйнөсүнө дем берип, мамлекеттин баалуулуктарын элге жеткире турган Мамлекеттик катчы кызматын аркалаган Арслан Койчиевдин кызматка дайындалганына алты айдан ашык убакыт өттү. Бирок ушул аралыкта анын бул кызматтагы ишмердүүлүгү коомдо олуттуу талкуу жаратып, көзгө көрүнөрлүк натыйжаларды бергенин байкоо кыйын.
Мамлекеттик идеологияны калыптандыруу, улуттук аң-сезимди бекемдөө, жаштардын мекенчилдик духун көтөрүү же коомду бириктирген идеяларды жайылтуу багытында кандай системалуу иштер жүргүзүлгөнү тууралуу коомчулукта так түшүнүк калыптанган жок.
Тескерисинче, Мамлекеттик катчынын коомдук мейкиндигиндеги активдүүлүгү көбүнчө жеке чыгармачылыгын өркүндөтүү, чыгармаларын даңазалоо, пьеса койдуруу өңдүү жеке мүдөөсүнөн жогору көтөрүлбөй калды. Албетте, чыгармачылык баалуу нерсе. Бирок мамлекеттин идеологиялык саясаты менен өзүнүн чыгармачылыгын чаташтырбашы керек.
Дегенибиз, бүгүнкү күндө Кыргызстан көптөгөн идеологиялык чакырыктарга туш болуп турат. Глобалдашуу улуттук өзгөчөлүктөрдү жутуп жаткан шартта, жаштар арасында тарыхка, улуттук баалуулуктарга жана мамлекеттик идеалдарга кызыгуу солгундап баратканы жашыруун эмес. Мындай учурда Мамлекеттик катчы элдин руханий багытын аныктаган, коомдук пикирге таасир эткен, мамлекеттин идеологиялык саясатынын жүзү боло алган инсан болушу керек эле.
Койчиевдин ишмердүүлүгүнө көз чаптырганда дал ушундай лидерлик ролдун жетишсиздиги байкалат. Коомго жаңы идея сунушталган жок. Улуттук биримдикти бекемдей турган ынанымдуу концепция, мамлекеттик деңгээлдеги идеологиялык долбоорлорду ишке ашыра албай чабалдык кылууда. Натыйжада Мамлекеттик катчы институту мурдагыдай эле көмүскөдө калып, анын коомдук салмагы төмөндөп жаткандай көрүнөт.
Салыштыруу үчүн, мурдагы Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун ишмердүүлүгү коомдо көбүрөөк байкалчу. Анын “Нарк куржун” өңдүү баяндары эл арасында талкуу жаратып, улуттук тарбия, каада-салт жана руханий мурас тууралуу пикир алмашууга өбөлгө түзгөн. Ал дайыма эл алдында болуп, кыргыздын нарк-насили жөнүндө айтып, коомдук диалог түзүүгө аракет кылып турган.
Ал эми азыркы жетекчиликте мындай демилгелердин тартыштыгы байкалууда. Коом Койчиевден жазуучу катары эмес, мамлекеттик идеологиянын жооптуу өкүлү катары иш күтүп жатат. Бирок анын алты айдан ашкан мөөнөттөгү ишмердүүлүгү чеке жылыткан жок. Чынында мажүрөлүк кылууда. Мында арабөк абалы менен президенттин ишенимин акташы кыйын.