www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев күн мурун “Жаштар диалогу – 2026” иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Иш-чарага ар кандай тармактарда иштеген жаш адистер, жогорку окуу жайларынын студенттери жана коомдук-саясий турмушка активдүү катышкан жаштар, ошондой эле спикер жана парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.
Арслан Койчиев өз сөзүндө “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасынын маанисине токтолуп, өлкөнүн келечеги жаштардын колунда экенин баса белгиледи. Ал Жусуп Абдрахмановдун элинин тагдыры үчүн жасаган тарыхый кадамдарын мисал келтирип, бүгүнкү муундун арасында да өзүнүн Абдрахмановдору, өзүнүн Айтматовдору чыгаарына ишеним билдирди.
Мамлекеттик катчы белгилегендей, бул аянтча жаштар үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү платформа болуп саналат.
Жыйын соңунда Арслан Койчиев катышуучуларга ийгиликтүү иш каалап, кыргыз жаштарынын потенциалы чексиз экенин белгиледи.